super.kg logo

Wildberries'тин кампаларына чабуул уланууда (видео)

 

30-июлга караган түнү Орусиянын Пенза облусунда жайгашкан Wildberries компаниясынын кампасына украиналык дрондор чабуул жасашты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Облустун губернатору Олег Мельниченконун айтымында, окуядан бир адам жаракат алып, болжол менен 200 кызматкер коопсуз жайга эвакуацияланган. Чабуулдан кийин кампанын аймагында өрт чыккан.

Wildberries & Russ компаниясы кызматкерлер толугу менен эвакуацияланганын жана жабыркаган адамга медициналык жардам көрсөтүлгөнүн билдирди. Ошондой эле товарларды кабыл алуу жана кардарлардын буюртмаларын жөнөтүү убактылуу башка логистикалык борборлор аркылуу жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Айта кетсек, 18-июлдан бери Украина Wildberries компаниясынын Орусиядагы логистикалык борборлоруна ракета жана дрондор менен сокку урууда. Буга байланыштуу компания Казакстандан кампаларды ижарага алууну пландап жатканы айтылууда.







Wildberries'тин кампаларына чабуул уланууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: