super.kg logo

ЖЫЛНААМА: Гарри Поттер аркылуу дүйнөнү багындырган жазуучу Жоан Роулинг 61 жашта

 

Бүгүн, 31-июлда дүйнөгө белгилүү англис жазуучусу Жоан Кэтлин Роулинг 61 жашка толду. Ал адабият тарыхындагы эң ийгиликтүү жазуучулардын бири катары таанылып, миллиондогон адамдардын сүйүктүү чыгармасына айланган "Гарри Поттер" китептер сериясынын автору.
Жоан Роулинг 1965-жылы 31-июлда Англиянын Йейт шаарында төрөлгөн. Ал жөнөкөй үй-бүлөдө чоңойгон. Атасы инженер болуп иштесе, апасы мектепте лаборант болуп эмгектенген. Жоан 15 жашка чыкканда апасына склероз диагнозу коюлган. Ал 10 жылдан кийин, 1990-жылы оорунун кесепетинен 45 жашында көз жумган. Жоан Роулинг апасы анын жазуучу болгонун жана дүйнөлүк ийгилигин көрбөй калганына дайыма өкүнөрүн айтып келет. Ошондуктан анын кайрымдуулук иштеринин негизги багыттарынын бири склероз менен ооругандарга жардам көрсөтүүгө арналган.

Роулинг бала кезинен эле китептердин арасында чоңоюп, жаштайынан жазуучу болууну кыялданган. 6 жашында "Коён" аттуу биринчи жомогун жазса, 11 жашында 7 каргыш тийген алмаз тууралуу алгачкы романын жазып чыккан. Мектепти аяктаган соң, Эксетер университетине тапшырып, француз тили менен классикалык филология боюнча билим алган. Окууну аяктаган соң ар кандай жумуштарда эмгектенип, 26 жашында англис тилинен сабак берүү үчүн Португалияга көчүп кеткен.

1992-жылы Португалияда сүйүктүусүнө турмушка чыгып, Жессика аттуу кыздуу болгон. Бирок үй-бүлөлүк жашоосу узакка созулган эмес. 1993-жылдын аягында кызы менен Улуу Британияга кайтып келип, Шотландиянын Эдинбург шаарына отурукташкан. Ал убакта анын "Гарри Поттер" китебинин алгачкы үч бөлүмү даяр болчу. Кийинчерээк педагогикалык билим алып, мектепте мугалим болуп иштей баштаган. Ошол учурда бош убактысында болочок дүйнөлүк бестселлерге айланган китебин жазууну уланткан.

Гарри Поттердин жаралышы

"Гарри Поттер" тууралуу идея Роулингге 1990-жылы Манчестерден Лондонго бара жаткан поездде келген. Поезд кечигип жаткан учурда анын элесинде сыйкырчы бала тууралуу окуя жаралган. Кийинки 5 жыл ичинде ал 7 китептен турган сериянын жалпы планын түзүп, каармандарын жана окуяларын майда-чүйдөсүнө чейин иштеп чыккан.

Биринчи китептин көпчүлүк бөлүгүн Роулинг Эдинбургдагы чакан кафелерде жазган. Кызы коляскада уктап жатканда ал столдо отуруп чыгарма үстүндө иштей берчү. 1995-жылы биринчи китептин кол жазмасы толук бүтүп, аны бир нече басмага жөнөткөн. Бирок 9 басма чыгарманы чыгаруудан баш тарткан. Акыры адабий агент Кристофер Литтл чыгарманы жактырып, калган бөлүгүн жөнөтүүнү суранган. Роулинг кийинчерээк бул катты өмүрүндөгү эң кубанычтуу каттардын бири деп атаган.Китеп чыккандан кийин эле чоң ийгиликке жетишип, бир нече адабий сыйлыктарга ээ болгон. Ар бир жаңы китептин чыгышы дүйнө жүзүндөгү күйөрмандардын чоң кызыгуусун жаратып, сатык боюнча рекорддорду жаңыртып турган. "Гарри Поттер" сериясы 7 китептен туруп, дүйнө жүзү боюнча 500 миллиондон ашык нускада сатылган. Чыгармалар 80ден ашык тилге которулуп, анын негизинде тартылган тасмалар да чоң ийгиликке жеткен.

Жоан Роулинг мындан тышкары чоңдор үчүн романдарды жана детективдик чыгармаларды да жазган. Ал кайрымдуулук иштерине активдүү катышып, балдарга жана оор илдеттер менен күрөшүп жаткан адамдарга жардам көрсөтүп келет.

Бүгүнкү күндө Жоан Роулинг дүйнөдөгү эң таанымал жазуучулардын бири. Анын "Гарри Поттери" бир нече муундун сүйүктүү чыгармасына айланып, кино жана адабият тарыхында өзгөчө орунду ээлеп келет.

31-июлга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: