super.kg logo

Биринчи чалуудан баштап улуттук оператордун статусуна чейин: Beeline 28 жашка толду

 

Beeline`дын тарыхы мындан туура 28 жыл мурда — Кыргызстандагы мобилдик байланыштын жаңы доорун белгилеген GSM-тармагынын биринчи коңгуроосу менен башталган. Андан бери компания чоң жолду басып өттү жана өткөн жылы "Элдик Банк" ААКнын чоң санариптик экосистемасынын бир бөлүгү болуп калды. Beeline өзүнүн 28-туулган күнүн биринчи жолу улуттук мобилдик оператор макамы менен тосуп алып, өлкөнүн телекоммуникация тармагын өнүктүрүүдө жаңы барак ачты.

28 жылдын ичинде мобилдик байланыш кадимки чалуулардан жана кыска билдирүүлөрдөн баштап, байланышты, каржыны жана кызматтарды бириктирген көп функционалдуу санариптик чөйрөгө чейин өзгөрдү.Адамдардын муктаждыктары менен бирге Beeline да өзүнүн негизги ниетине ылайык: бардык адамдар үчүн жеткиликтүү, ишенимдүү жана заманбап байланыш кызматтарын камсыз кылуу үчүн өзгөрдү.

Салт боюнча, туулган күнүнө карата Beeline өз абоненттерине белек даярдады:

28 ГБ интернет,
Билайн номерлерине Россияга чалуулар үчүн 280 мүнөт,
Тармак ичинде 280 мүнөт.

Белек пакетин 1-августтан 3-августка чейин "Мой Beeline + Balance" тиркемесинде бир жолу туташтырса болот. Топтом кошулган учурдан тартып 7 күн иштейт жана тариф боюнча төлөнгөн абоненттик төлөм менен жеткиликтүү.

"28 жыл — бул компаниянын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун тастыктаган маанилүү дата, — деп белгиледи башкы Beeline`дын башкы директору Кубаныч Шатемиров. — Бул майрамды «Элдик Банктын» экосистемасынын курамындагы улуттук мобилдик оператор катары биринчижолу тосуп жаткандыгыбыздын маанилүү. Бул өнүгүүнүн жаңы этабы, масштабдуу милдеттер, ири долбоорлор жана дымактуу пландар. Ошол эле учурда, Beeline үчүн негизги баалуулук ар дайым бизди алдыга жылууга жана жакшыраак болууга шыктандырган адамдар болгон жана болуп кала берет. Биз бул майрамды абоненттерибиз менен бөлүшүп, жакындарыбыз менен баарлашууга дагы мүмкүнчүлүк бергенибизге кубанычтабыз. Beeline`дытандаганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз!»

Дээрлик отуз жыл аралыгында, Beeline аралыкка карабастан адамдарды бириктирип турат. Компания тармакты өнүктүрүүнү, жаңы технологияларды киргизүүнү жана байланышты жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылган санариптик чечимдерди түзүүнү улантууда.

Beelineжаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

КР МТжБМКсына караштуу МБАнын №15-1420-КР, №16-1526-КР уруксаттамалары, КР СӨМүнө караштуу МБАнын №21-0482-КР уруксаттамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: