super.kg logo

DemirBank'тан «Онлайн-кредитке пайыздык ченди өзүң танда» Супер Акциясы!

 

Кыргызстанда алгачкы жолу мобилдик тиркемеде онлайн-насыя боюнча пайыздык ченди өз алдынча тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болду.

DemirBank «Онлайн-кредитке пайыздык ченди өзүң танда» аттуу жаңы акциясын тартуулайт. Бул кардарларга онлайн-насыя тариздөөдө каалаган пайыздык ченди өз алдынча аныктоого алгачкы жолу жол ачкан уникалдуу сунуш болуп саналат.

Эми кардар насыяга өтүнмө эле бербестен, DemirBank мобилдик тиркемесинде пайыздык ченди өзү тандайт. Насыянын суммасы, мөөнөтү жана каалаган пайыздык чен тандалгандан кийин, өтүнмө Банк тарабынан күн сайын өтүүчү кароого автоматтык түрдө катышат.

Пайыздык ченди 0%дан 19,99%га чейинки диапазондо 0,5% кадам менен тандоого болот.

Сиз тандаган пайыздык ченди саат 18:00гө чейин өзгөртө аласыз.

Күн сайын саат 18:00дө Банк акциянын алкагында толтурулган бардык өтүнмөлөрдү карап чыгат. Өтүнмөлөрдү кароо тандалган пайыздык чендин төмөндөө тартибинде жүргүзүлөт. Ал эң жогорку ченден башталып, күнүмдүк насыя берүү лимити — 2 000 000 сомго жеткенге чейин төмөндөө тартибинде уланат.

Кароонун жыйынтыгы тууралуу кардар уюлдук тиркемедеги push-билдирүү аркылуу биле алат. Эгерде тандалган пайыздык чен жактырылса, насыяны 24 сааттын ичинде тариздөө зарыл.

Эгерде кардар тандаган пайыздык чен күнүмдүк лимиттин алкагында жактырылбай калса, Банк насыяны учурдагы стандарттык пайыздык ченден 1 пайыздык пунктка төмөн болгон чен менен тариздөөнү сунуштай алат.

DemirBankта: «Өз пайыздык чениңди танда» акциясы — бул Кыргызстан үчүн онлайн-насыя тариздөөнүн жаңы форматы. Ал тандоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана Тиркеме менен иштөөнү дагы да ыңгайлуу кылат», — деп белгилешти.

Акция 2026-жылдын 3-августунан тартып 31-октябрына чейин (толук күн) өтөт.

Акциянын толук шарттары менен DemirBank мобилдик тиркемесинен жана Банктын расмий сайтынан таанышууга болот.

КРУБ №035 лицензиясы.
ЖНПЧ 22,3%га чейин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: