super.kg logo
  Саясат  

Алагөзов чет элдик жеке аскердик компания тууралуу маалыматты төгүндөдү

 

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өлкөдө айрым объекттерди чет элдик жеке аскердик компания кайтарат деген маалыматты төгүндөдү.

Айтымында, социалдык тармакта Кыргызстанда чет элдик куралдуу жеке аскердик компания кызмат көрсөтөт деген видео тараган.

"Бир дагы чет өлкөлүк жаран курал алып биздин аймакта кандайдыр бир объект кайтарбайт. Ага мыйзамдар да жол бербейт.
Кыргызстандын аймагында бир да чет мамлекеттин куралдуу күчтөрү же түзүмдөрү жок. Болушу да мүмкүн эмес. Өлкө аймагындагы кен казуубу же башка биргелешкен чоң-чоң долбоорлор болобу, аларды иштетүүдөгү коопсуздукту өзүбүздүн милиция кызматкерлери же жеке күзөт кызматтары камсыз кылат",- деген ал.
Алагөзов бүгүнкү күндө өлкө аймагында ЖККУнун алкагында Канттагы орусиялык бирдиктүү аскердик объект иш алып барарын белгилеген.
"Ал эми видеодо сүйлөп жаткан Айдарбек Раев 2024-жылы Американын жарандыгын алыптыр. Ал жакта жатып алып жомок токубай, бул жактагы туугандарынан деле сурап койсо болмок экен. Көрүнүп тургандай, Кыргызстандын өнүгүүсүн каалабаган сырткы күчтөр бар. Айдарбектей балдар өздөрү билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй мына ошондой күчтөрдүн куралына айланууда",- деген Алагөзов.
Ошондой эл ал коомчулукту жалган маалыматтарды таратып чагымчылдык кылуудан алыс болууга чакырган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: