super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров менен БАЭ президенти кат алышты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров менен Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мохаммед бин Заед Аль Нахайян эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты.

Президенттик администрация маалымдагандай, куттуктоо каттарында өткөн 30 жылдын ичинде мамлекеттер саясий диалогду бекемдеп, ар тараптуу багыттар боюнча мамилелерди ырааттуу өнүктүрүп, кызматташтыкты бийик деңгээлге көтөрө алганы белгиленген.

Мындан тышкары, мамлекет башчысынын дарегине ушундай эле куттуктоо каттары Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министри жана Дубай эмири Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдан, ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министрдин орун басары жана президенттик аппараттын жетекчиси Мансур бин Заид Аль Нахайяндан да келип түшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: