Бишкекте 5-августтан тартып айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет
Бишкекте 5-августтан тартып айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, мындай чечим шаарда жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга жана борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү куруу долбоорун улантууга байланыштуу кабыл алынган.
Жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр төмөнкү даректерде курулат:
- Анкара көчөсүндө, "Глобус" соода борборунун жанында;
- Ауэзов көчөсүндө, Аламүдүн кичи районундагы №59/2 үйдүн алдында;
- 7-Апрель жана Ой-Терскен көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде;
- Байтик Баатыр көчөсүндө, курулуп жаткан мечиттин жанында;
- Анкара көчөсүнүн дагы бир тилкесинде (долбоордук документацияга ылайык);
- Нуркамал жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде.
Курулуш иштери бекитилген графикке ылайык этап-этабы менен жүргүзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















