Ошто уруксатсыз курулуп жаткан 9 кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду
Ош шаарындагы Керме-Тоо кичи районунда уруксатсыз башталган 9 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулушту текшерүү учурунда жер казуу жана пайдубал куруу иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлгөнү аныкталган.
Мыйзам бузууга байланыштуу «Компания Рамазан» ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, бардык курулуш-монтаждоо иштери мыйзам талаптарына ылайык керектүү документтер толук таризделгенге чейин убактылуу токтотулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















