Аравандын Сырт айылында жаңы мектептин курулушу уланууда
Ош облусунун Араван районундагы Сырт айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу кызуу жүрүп жатат. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы баасы 109 миллион сомду түзөт.
Курулуш мрнистрлигинен билдиришкендей, жаңы эки кабаттуу мектепте окуу класстары, химия, биология жана физика лабораториялары, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы болот.
Учурда имараттын чатыры жабылып, сыртын жылуулоо жана ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. Долбоордун аткарылышы жана курулуштун сапаты тиешелүү адистер тарабынан туруктуу көзөмөлдөнүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:35
2026-08-05
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















