Бишкекте жол тандабастын айдоочусу милиция кызматкерин коркутту
Бишкек шаарында кайгуул милициясынын кызматкерлери күзөт учурунда тиешелүү уруксаты жок айнени караңгылатылган Lexus LX600 үлгүсүндөгү автоунааны токтотушту.
Маалыматка ылайык, протокол түзүлүп жаткан учурда айдоочу караңгылатылган плёнканы алып салуудан жана документке кол коюудан баш тарткан. Мыйзам талаптары түшүндүрүлүп, баш тартса автоунаа айып короого токтотулары эскертилгенден кийин ал протоколго кол коюуга макул болгон.
Ошондой эле айдоочу өзүн агрессивдүү алып жүрүп, милиция кызматкерин коркутуп, анын белин сындырарын айтып, «бирге-бир» чыгууга чакырган.
Натыйжада айдоочуга карата тиешелүү протокол түзүлүп, автоунаадагы караңгылатылган плёнка ошол жерден алынды.
Милиция айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга чакырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















