Трамп Катардын эмири менен АКШ-Иран жаңжалын талкуулады
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Катардын эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани телефон аркылуу сүйлөшүүдө АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу аракеттерин талкуулашты.
Бул тууралуу Катар лидеринин кеңсесине таянып чет элдик басылмалар билдиришти.
Трамп сүйлөшүүдө Катардын диалогго көмөктөшүүдөгү аракетин жогору баалаган. Эмир өз кезегинде жаңжалды жөнгө салуу үчүн дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн маанилүүлүгүн белгилеген. Ошондой эле тараптар өз ара түшүнүшүү меморандумунун жоболорун кармануу зарылдыгын сөз кылган.
Анда тараптар эки тарапты кызыктырган башка маселелерди да талкуулашты.
Белгилей кетсек, Дональд Трамп 2-августта Иран менен сүйлөшүүлөрдү кайра жандантканын жарыялаган. Ал эми Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи Ормуз кысыгы боюнча диалог Оман аркылуу гана уланып жатканын, АКШ менен түз сүйлөшүү жок экенин билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















