Молдовада Эйфель мунарасын желек түстөрү менен жарыктандырууга акча жетпей калды
Молдова 27-августтагы Эгемендүүлүк күнүнө карата Париждеги Эйфель мунарасын өлкөнүн мамлекеттик желегинин түстөрү менен жарыктандыруу үчүн керектүү каражатты толук чогулта алган жок.
Молдованын Франциядагы элчиси Лорина Бэлтяну ишкерлерге жана мекендештерге кайрылып, долбоорду аяктоо үчүн дагы 25 миң евро керек экенин билдирди. Элчи өзү жеке каражатынан 3 миң евро кошо турганын айтты.
Анын айтымында, бул долбоор Молдованын эл аралык аброюн көтөрүүгө багытталган. Бирок өлкөдө экономикалык кыйынчылыктар күчөп турган учурда бул демилге коомчулукта талкуу жаратты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















