Ак-Талаадагы айылда сел жүрдү
Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Жаңы-Тилек айылында сел суулары бир нече турак үйдү каптады. Бул тууралуу 5-августта ӨКМдин Нарындагы өкүлчүлүгү билдирди.
Анда айтылгандай, сел суулары жалпы 18 турак жайдын короолорун аралап өтүп, анын ичинен 2 турак жайдын жер төлөсүнө кирген. Ошондой эле 5 турак үйдүн короосуна сел калдыктары толгон.
Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 1 техника жана 20 кызматкер иш алып барышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















