Баткен: Кызыл-Кыяда курулуш мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилерине жүргүзүлгөн көзөмөлдүн жүрүшүндө мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Кулатов көчөсүндө жайгашкан жеке менчик жер тилкесинде курулуп жаткан эки кабаттуу соода борборунда курулуш-монтаждоо иштери тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтерсиз жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду. Ошондой эле жер казуу иштери мыйзам талаптарын бузуу менен аткарылганы аныкталган.
Аталган факт боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жеке ишкерге карата тиешелүү акт түзүлүп, административдик чаралар көрүлдү. Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















