super.kg logo

Маданият министрлиги Тарых музейи тууралуу тараган маалыматка түшүндүрмө берди

 
Маданият министрлиги социалдык тармакта тараган Тарых музейинин 4-5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу маалыматты четке какты.
Билдирүүгө ылайык, Улуттук тарых музейинин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес.
"Сөз ушул жылдын 15-августунан 15-ноябрына чейин өтө турган «Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү» аттуу убактылуу эл аралык көргөзмө жөнүндө болууда.
Аталган долбоор Тарых музейи менен Тяньцзинь музейинин жана Ички Монголия автономиялуу районунун музейлеринин ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумдардын алкагында, ошондой эле Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине утурлай уюштурулууда.
Көргөзмө музейдин туруктуу экспозициялык залдарында эмес, эл аралык жана убактылуу көргөзмөлөрдү өткөрүү үчүн каралган бош көргөзмө аянтчаларында уюштурулат.
Бул көргөзмө тараптардын өз ара түзүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумдарынын негизинде биргелешип ишке ашырылып жаткан эл аралык маданий долбоор болуп саналат.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Пекин шаарындагы Кытайдын Улуттук музейинде Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин көчмө көргөзмөсү ийгиликтүү уюштурулуп, кыргыз элинин тарыхын жана маданий мурасын чагылдырган уникалдуу экспонаттар көрсөтүлгөн. Бул кызматташтык бир тараптуу эмес, өз ара маданий алмашууга негизделген дүйнөлүк музей практикасынын ажырагыс бөлүгү экенин тастыктайт", - деп жазылат маалыматта.
Мекеме Тарых музейинде мындай эл аралык долбоорлор өткөрүлүп турарын белгилеп, жарандарды жана ЖМКларды такталбаган жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоого чакырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: