Жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн ведомстволор аралык кызматташтык талкууланды
7-августта саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Саламаттык сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) биргелешип уюштурган «Жол кыймылынын коопсуздугу жаатындагы секторлор аралык өз ара аракеттенүү: БУУнун эл аралык милдеттенмелеринен улуттук аракеттерге карай» аттуу тегерек столго катышты.
Аталган мекемеден билдиришкендей, иш-чарага мамлекеттик органдардын, БУУ системасынын, эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.
Жыйынды ачкан министр жол кыймылынын коопсуздугу бүгүнкү күндө транспорт тармагынан сырткары коомдук саламаттык сактоонун маанилүү багыттарынын бири болуп калганын белгиледи.
Ошондой эле 20–21-июлда Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча жогорку деңгээлдеги жыйынынын жыйынтыктары талкууланды. Анда кыргыз делегациясы катышып, мамлекеттер Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча милдеттенмелерин дагы бир жолу ырасташкан.
Тегерек столдо жол кырсыктарын азайтуу, калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, ошондой эле бул багыттагы мамлекеттик органдардын жана өнөктөш уюмдардын кызматташтыгын чыңдоо маселелери каралды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















