Хуситтер Йемендеги порт шаарга сокку урушту
Бүгүн,10-августта йемендик хуситтер Кызыл деңиздин жээгиндеги Аль-Моха порт шаарына ракета жана дрондор менен сокку урулганын билдиришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Хуситтердин маалыматына караганда, чабуулдун бутасы шаарда жайгашкан Сауд Арабиясынын аскерлери жана курал-жарак кампалары болгон. Сокку учурунда аскердик техникалар жок кылынганы, ондогон аскер кызматкери каза болуп, жаракат алганы айтылды.
Хуситтер чабуулду Сауд Арабиясынын аскердик даярдыктарына жооп катары жасаганын айтып, мындан ары да "блокадага - блокада, күчөтүүгө - күчөтүү" принцибин карманарын айтышкан.
Эске салсак, хуситтер менен Сауд Арабиясынын ортосундагы тирешүү июлдун аягында кайра күчөгөн. Ага 13-июлда кыймылдын мүчөлөрү бара жаткан учакка жасалган чабуул себеп болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















