Кытайда тайфундан улам 1 миллиондон ашык адам эвакуацияланды (видео)
Кечээ, 9-августта Кытайдын чыгыш жээгине "Долфин" тайфуну жетип, анын айынан 1 миллиондон ашык адам коопсуз жайларга эвакуацияланды. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары маалымдашты.
Чжэцзян провинциясында өзгөчө кырдаалдын эң жогорку деңгээли жарыяланган. Вэньчжоу шаарынан 900 миңден ашуун тургун көчүрүлүп, миңден ашык убактылуу баш калкалоочу жай ачылган.
Ошондой эле Шанхайдын 2 ири аэропортунда 1400гө жакын, Ханчжоу аэропортунда 270 каттам токтотулуп, тайфундун борборунда шамалдын ылдамдыгы саатына 150 чакырымдан ашкан.
Синоптиктер Чжэцзян провинциясынын айрым аймактарында 250-500 миллиметрге чейин жаан жаашы мүмкүн экенин билдиришти. Тайфунга байланыштуу туристтик жайлар жабылып, паром каттамдары убактылуу токтотулду.
Кытайда тайфундан улам 1 миллиондон ашык адам эвакуацияланды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:54
2026-08-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















