Оштогу тарыхый тергөө абагынын имараты музейге айланат
Ош шаарындагы тергөө абагы жайгашкан тарыхый имарат музейге айландырылат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев билдиргенин шаар мэриясы жазды.
Анын айтымында, тергөө абагы шаар четиндеги Отуз-Адыр айылына көчүрүлөт. Ал эми азыркы имарат тарыхый жай катары сакталып, музей катары пайдаланылат.
Белгилей кетсек, тарыхый имаратты 1890-жылдары Алымбек датка менен Курманжан датканын уулу Камчыбек кербен сарай катары курдурган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















