Колумбияда жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 100дөн ашты
Колумбиянын батышында болгон жер титирөөдөн кеминде 111 адам каза болуп, 87 адам жаракат алды.Чет элдик басылмалар билдиргендей, жер титирөөдөн Кали шаарында ондогон имараттар урап, урандылардын алдында адамдар болушу мүмкүн экени айтылды. Жер титирөөнүн очогу Сан-Хосе-дель-Пальмар аймагына жакын жерде катталган.
Жер силкинүү Эквадордо да сезилген. Колумбиянын бир нече аймактарында аэропорттор жабылып, куткаруу иштери жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, кечээ, 10-августта 7,4 баллдык жер титирөө Колумбиянын жергиликтүү убактысы боюнча саат 07:34тө болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















