super.kg logo

Кыргызстандыктар 13-августта асмандагы сейрек көрүнүшкө күбө болушат

 

Бүгүн, 11-августта астрономдор асмандагы эң кооз көрүнүштөрдүн бири - Персеиддердин жылдыз жаашын байкоого мүмкүнчүлүк түзүлөрүн чет өлкөлүк маалымат каражаттарына кабарлашты.

Анын эң жогорку чеги 12-августтан 13-августка караган түнү болот. Кыргызстан убактысы боюнча Персеиддердин максималдуу активдүүлүгү 13-августта саат 08:00дө күтүлүүдө. Асман ачык болсо, бир саатта 100гө чейин метеорду көрүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Бирок жылдыз жаашын байкоо үчүн так ушул убакытты күтүү шарт эмес. Метеор агымынын активдүүлүгү 3-4 күн жогору бойдон сакталат.

Персеиддер Жер 109P/Свифт-Таттл кометасынын артында калган чаң бөлүкчөлөрүнүн арасынан өткөндө пайда болот. Бул бөлүкчөлөр атмосферага чоң ылдамдыкта кирип, күйүп жатканда асманда жарык сызыктарды пайда кылат. Эл арасында бул көрүнүш "аккан жылдыздар" деп аталат.

Аталган комета Күндү болжол менен 134 жылда бир айланып чыгат. Анын Жерге кийинки жакындоосу 2126-жылдын 12-июлунда күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: