super.kg logo

Анкара согуштук кемелердин Кара деңизге өтүшүнө уруксат бербейт

 

Түркия согуштук кемелердин Кара деңизге өтүшүнө уруксат берүүнү көздөбөйт. Бул тууралуу өлкө өкмөтүндөгү булак РИА Новости агенттигине билдирген.

Буга чейин Түркиянын өкмөтчүл Türkiye гезити НАТОго мүчө айрым мамлекеттер Анкарага Босфор жана Дарданелл кысыктары аркылуу аскер-деңиз флотторунун өтүүсүн жеңилдетүү үчүн басым жасап жатканын жазган.

Басылманын маалыматына караганда, бул маселе Украинадагы жаңжалга жана кеме каттамдары үчүн жаралган тобокелдиктерге байланыштуу өзгөчө мааниге ээ болуп жатат.

Согуштук кемелер Түркиянын кысыктары аркылуу өткөрүлбөйт. Анкара Монтрё конвенциясынын талаптарынын сакталышын кылдат көзөмөлдөп, аны айланып өтүүгө жол бербейт. Түркия согуштук кемелердин кысыктар аркылуу өтүшүн жөнгө салган эл аралык милдеттенмелерин так сактоону улантат”,- деп билдирген булак.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: