Наталья Наговицынанын сөөгү быйыл Жеңиш чокусунан түшүрүлбөйт
Орусиялык альпинист Наталья Наговицынанын сөөгү быйыл Жеңиш чокусунан түшүрүлбөйт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди.
Анын айтымында, учурда бийик тоого чыгуу сезону аяктап, чокуда кар көчкү түшүү коркунучу күчөгөн.
"Азыр чокуда кар көчкү түшүү тобокелдиги жогору болгондуктан быйыл сезон аяктады. Мындан тышкары, сөөктү 7200 метр бийиктиктен түшүрүү үчүн кеминде 200 миң доллардан ашык каражат жана 15-20 кесипкөй альпинисттен турган топ керек",- деди Кубатов.
Ошондой эле ал Орусия тараптан Наговицинанын сөөгүн түшүрүү үчүн атайын каражат бөлүү же кесипкөй альпинисттер тобун жөнөтүү боюнча азырынча эч кандай маалымат ала электигин кошумчалады.
Эске салсак, Наталья Наговицына 2025-жылдын 12-августунда Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып, 7200 метрге жакын бийиктикте бутунан оор жаракат алган. Куткаруу аракеттерине карабастан, аны тоодон түшүрүү мүмкүн болгон эмес. 27-августта Кыргызстандын ӨКМи альпинистти дайынсыз жоголду деп жарыялаган. Кийин альпинист каза болгону аныкталып, cөөгү тоодо калган.
Наговицынанын жоготуулары, оор сыноолору тууралуу шилтемеден окуй аласыз.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















