Автобустун сынып кеткен айнеги тууралуу маалымат берилди
"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы 11-августта Бишкектеги аялдамалардын биринде №243 каттамындагы автобустун айнеги сынып калгандыгы тууралуу маалымат берди.
Маалыматка караганда, окуя Чүй проспектинде батышты көздөй бара жаткан автобус "Илимдер академиясы" аялдамасына токтогон учурда болгон. Жүргүнчүлөр айдоочуга автобустун сол тарабындагы төртүнчү айнек сынып калганын айтышып, социалдык тармактарда видео тараган.
Окуядан кийин автобустагы видеокөзөмөл камераларынын жазуулары текшерилген. Анын жыйынтыгында, автобустун жанынан өтүп бара жаткан оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгүнөн чачыраган таш айнекке тийип, айнек ошондон улам сынганы аныкталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















