super.kg logo

Ысык-Көлдүн түбүнөн байыркы имараттын дубалдары табылды (видео)

 

Бүгүн, 11-августта Ысык-Көлдүн түбүнөн кылымдар бою суу алдында жаткан байыркы имараттын кыштан тургузулган дубалдары табылды. Бул тууралуу экодайвер Бекжан Кубанычбек уулу билдирди.

Анын айтымында, табылга жапон изилдөөчүлөрү менен биргеликте жүргүзүлгөн экспедициянын жүрүшүндө аныкталган.

"Кылымдар бою Ысык-Көлдүн түбүндө жашырынган тарыхка өз көзүм менен күбө болуп, ага түзмө-түз кол тийгизүү мен үчүн өзгөчө сезим болду. Биздин көл дагы далай сырларын ачышы керек", - деп жазган ал соцтармактагы баракчасына.

Табылган курулуштун так кайсы мезгилге таандык экени жана анын тарыхый мааниси азырынча тактала элек.






Ысык-Көлдүн түбүнөн байыркы имараттын дубалдары табылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: