Күрп-Сай ГЭСинен Таш-Көмүргө суу тартуу пландалууда
Бүгүн, 11-августта Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева Энергетика министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Күрп-Сай ГЭСинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Таш-Көмүр шаарынын мэри Эрк Орозбаев баштаган тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү жана ГЭСтин жетекчилиги катышты.
Жолугушууда Күрп-Сай ГЭСинин учурдагы абалы жана ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле Таш-Көмүр шаарынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси талкууланды. Жооптуу жетекчилер Нарын дарыясынын Күрп-Сай ГЭСине жакын бөлүгүнөн суу алып, Таш-Көмүргө жеткирүү пландалып жатканын билдиришти.
Бирок ГЭС стратегиялык маанидеги энергетикалык объект болгондуктан, суу тартуу долбоорун ишке ашырууда коопсуздук талаптарын сактоо, ошондой эле техникалык жана уруксат берүү маселелерин чечүү зарыл.
Депутат Гүлшаркан Култаева мамлекеттик органдар бул маселени биргелешип чечиши керектигин белгиледи. Анын айтымында, стратегиялык объекттин коопсуздугун камсыз кылуу менен бирге Таш-Көмүр элинин таза сууга болгон муктаждыгын чечүүнүн жолун табуу зарыл.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















