Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жарнамалар алынууда
Бишкектин Ленин районунда уруксатсыз орнотулган жарнамалык конструкциялар алынды.
Мэрия билдиргендей, иштер Чүй проспектинин бир катар тилкелеринде жана Манас көчөсүнөн Иманалы Айдарбеков көчөсүнө чейинки аймакта жүргүзүлдү. Мындан тышкары, көчөлөрдөгү баш аламан тартылган электр жана интернет кабелдери иретке келтирилип, аймактар тазаланды.
Шаар бийлиги мындай иштерди Бишкектин көрүнүшүн жакшыртуу жана дизайн-код талаптарын сактоо максатында улантарын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















