super.kg logo
  Спорт  

Жылнаама: Канатбек Бегалиев - Кыргызстандын Олимпиададагы алгачкы күмүш медалынын ээси

 

Мындан 18 жыл мурун, 13-августта кыргызстандык балбан Канатбек Бегалиев Кытайда өткөн Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медаль уткан.

Ал 66 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, финалда француз балбаны Стив Геного жеңилип, күмүш медалга ээ болгон.

Бул Кыргызстандын эгемендүү мамлекет катары Олимпиада оюндарынын тарыхындагы алгачкы күмүш медалы болуп калды. Ал эми өлкөгө биринчи Олимпиада медалын 2000-жылы Сиднейде дзюдочу Айдын Смагулов алып келип, 60 килограммга чейинки салмакта коло медаль жеңген.

Канатбек Бегалиев спорттук карьерасын аяктагандан кийин машыктыруучулук иш менен алектенип, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасын жетектеген.

Учурда ал Кыргызстандын Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти кызматын аркалап келет.

Эске салсак, Кыргызстандан чыккан спортчулардын Олимпиададагы тарыхы өлкө эгемендүүлүк алганга чейин эле башталган. 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадада оор атлет Каныбек Осмоналиев алтын медаль жеңип, чемпион болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: