super.kg logo
  Спорт  

Нурмагомедов Макгрегор менен болгон беттешин бокстагы легендарлуу кармаштарга салыштырды

 

Мурдагы UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Лекс Фридманга берген маегинде Конор Макгрегор менен болгон беттешин бокстагы легендарлуу кармаштарга салыштырды.

2018-жылы Нурмагомедов Макгрегорду төртүнчү раундда муунтуу ыкмасы менен жеңген. Бул беттеш аралаш мушташ өнөрүнүн (MMA) тарыхындагы эң көп киреше алып келген кармаштардын бири болгон.

Нурмагомедов 2020-жылдын октябрында спорттогу карьерасын аяктаган. Ал жеңилбеген бойдон 29 жеңиш жана чемпиондук титулун үч жолу коргоо менен спорттон кеткен.

Ал өзүнүн Макгрегор менен болгон кармашын америкалык мушкерлер Мохаммед Али менен Жо Фрейзердин 1970-жылдардагы үч беттешине, ошондой эле америкалык Жо Луис менен германиялык Макс Шмелингдин 1930-жылдардагы эки кармашына салыштырды.

Эгер бокстагы окшош мисалдарды издесек, эң белгилүү кармаштардын арасынан Фрейзер менен Алинин, ошондой эле Луис менен Шмелингдин беттештерин белгилөөгө болот. Шмелингдин артында Гитлер, ал эми Луистин артында Рузвельт турган. Бул тарыхты билбегендер болсо, мен жакында көрүп чыктым. Бул спорт менен гана чектелбеген нерсе болгон. Алар өз доорунун эң белгилүү эки спортчусу эле жана алардын кармашы спорттун чегинен чыгып кеткен”,- деди Нурмагомедов.

Анын айтымында, Макгрегор менен болгон беттеш да спорттун чегинен чыгып кеткен.

Мен Конор менен кармашканда да ушундай болгон. Ал беттеш спорттун чегинен чыгып кетти, анткени ошол учурда спорттун бардык түрлөрүнүн өкүлдөрү бул кармашка көз салып турушкан. Мындай беттеш дагы болобу? Албетте, жаңы чемпиондор чыгат, ар дайым атаандашуулар болот. Бирок анын качан болору - убакыттын маселеси”,- деди Нурмагомедов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: