Түркияда жүргүнчүлөрү бар экскурсиялык кеме өрттөндү
Түркиянын Мугла провинциясынын Фетхие районундагы Катранжы булуңунда 115 жүргүнчүсү бар экскурсиялык кемеден өрт чыкты. Бул тууралуу DHA агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дөр чамасында Toys Boat кемесинин ашканасында башталган. Көп өтпөй жалын кемени толугу менен каптай баштаган.
Кемеде болгон 115 адам, анын ичинде балдар, куткаруучу жилеттерди кийип, деңизге секиришкен. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан эч ким каза болгон эмес.
Өрт тууралуу маалымат түшкөндөн кийин окуя болгон жерге жээк күзөтүнүн кызматкерлери, деңиздеги коопсуздук кызматтары жана медициналык топтор жөнөтүлгөн. Сууга түшүп кеткен жүргүнчүлөрдү куткаруу иштери башталып, ага жакын жердеги башка кемелер да тартылган.
Алдын ала маалымат боюнча, кеме дээрлик толугу менен күйүп, сууга чөгө баштаган.
Өрттүн чыгуу себептери азырынча белгисиз. Окуя боюнча тергөө иштери башталды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















