Зеленский АКШнын Украина боюнча сүйлөшүүлөргө жетиштүү деңгээлде катышпай жатканын айтты
Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө АКШ тарап жетиштүү деңгээлде катышпай жатканын билдирди.
“Тынчтык планына америкалык тараптын көбүрөөк катышуусу керек”,- деди Зеленский CNN телеканалына берген маегинде. Ал журналисттин Киев Вашингтонго сунуштарды жөнөткөнү тууралуу суроосуна жооп берип жатып ушундай пикирин айтты.
Буга чейин бейшемби күнү Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Зеленскийдин Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча АКШга берген сунуштары тууралуу Москвада маалымат жок экенин билдирген. Анын айтымында, АКШ бул сунуштарды дипломатиялык каналдар аркылуу Орусияга өткөрүп берген эмес.
Ошондой эле Орусиянын Федерация Кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Григорий Карасин АКШ президентинин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнерди жаңы сүйлөшүүлөр үчүн Москва кабыл алууга даяр экенин, буга эч кандай тоскоолдук жок экенин айткан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















