Садыр Жапаров Ташиевди президент кылууну пландаганын айтты
Өлкө башчы Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде Камчыбек Ташиевди президент кылууну пландаганын айтты.
Мамлекет башчысы мөөнөтү бүткөндө президенттин шайлоого Ташиевди катыштырып, өзү эс алууга кетүүнү ойлонгонун, бирок анын айрым туура эмес иштеринен улам оюнан баш тартканын билдирди.
"Өзүнө кызматтан алынардан бир жыл мурун "даярдан, айланаңды тазала" деп айткам. Карасам даяр эмес, кызматкерлеринин баары туура эмес", - деди Жапаров.
Садыр Жапаров аны кызматтан алып жатканда дагы президенттик шайлоого катышууга жол ачып берерин убада кылганын ачыктады.
"Шайлоого катышам десең, ага жол ачып берейин, "катыша бер салмагыңды билип аласың" дегем. Ошондо "жок, мен катышпайм, сага каршы чыгып шайлоого барбайм" деген", - деп кошумчалады.
Садыр Жапаров Ташиевди президент кылууну пландаганын айтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















