super.kg logo
  Саясат  

Жапаров Андраш Баканы Мажарстандын президенти болуп шайланышы менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров Мажарстандын президенти кызматына шайланышы менен Андраш Баканы куттуктады.

Өлкө башчы куттуктоодо эки элдик кызыкчылыктарына жооп берген жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга ишеним артты.

Сиздин президенттик мөөнөтүңүз Мажарстандын мындан аркы өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү, мажар элинин ынтымагынын бекемделиши жана бакубаттуулугунун жогорулашы менен коштолот деп ишенем.

Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы өз ара урматтоого, ишенимге жана элдерибиздин тарыхый-маданий жакындыгына негизделген салттуу достук мамилелерди өзгөчө жылуу сезим менен белгилейм.

Кыргызстан менен Мажарстандын ортосунда жетишилген стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлин жогору баалайм. Соңку жылдары ал туруктуу жана көп кырдуу мүнөзгө ээ болду.

Өлкөлөрүбүздү байланыштырып турган достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн салттары мындан ары да эки тараптуу байланыштарды ырааттуу кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Мажарстандын элдеринин кызыкчылыктарына жооп берген жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга бекем негиз болуп берет деп ишенем.

Сизге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Мажарстан элине тынчтык жана өнүгүү каалайм”, - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: