Кыргызстан менен Өзбекстан аймактарды алмашуудан кийинки баскычтарды улантат
Баткен облусунун Кадамжай шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын аймактарды алмашуу боюнча биргелешкен комиссиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Эмгек министрлиги билдирди.
Жыйында буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана мындан аркы иштердин тартиби талкууланды.
Тараптар биргелешкен жумушчу топтун курамын бекитти. Топ аймактардын жашоочуларынын жарандыгын аныктоо, көчүрүүнү уюштуруу, мүлктүк маселелерди чечүү, жер пайдалануу, социалдык камсыздоо жана билим берүү боюнча иштерди жүргүзөт.
Жумушчу топ алмашууга тиешелүү аймактарга барып, практикалык иштерди баштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















