Бишкекте саммит жана Көчмөндөр оюндарына байланыштуу базарлар, соода түйүндөр жабылат
Кечээ, 18-августта Бишкек мэриясында ШКУ саммитине, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Эгемендүүлүк күнүнө карата коопсуздук чараларды камсыз кылуу боюнча Координациялык комиссиянын жыйыны өттү.
Мэрия билдиргендей, маанилүү чечимдердин бири 31-август жана 1-сентябрда расмий делегациялар өтүүчү аймактардагы айрым соода борборлорунун ишин убактылуу токтотулат. Ошондой эле айрым базарлар жабылып, 29-августтан тарта бир катар жер алдындагы өтмөктөргө чектөө киргизилет.
Көчмөндөр оюндарынын ачылышына келгендер үчүн шаар боюнча 21 багытта шаттл-автобустар уюштурулат. 12 фан-зонада коопсуздук күчөтүлүп, коомдук транспорт кадимки режимде иштейт.
Мындан тышкары, шаардык коммуналдык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп, мектептердин айланасында окуучулардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















