АКШда мектепте жылан чыгарган өрттөн таш бака өлдү
АКШнын Виржиния штатындагы мектепте питон жылуулук берүүчү лампаны кулатып, өрт чыгарганы болжолдонууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
13-августта Виржиния штатындагы Forest Middle School мектебинде түн ичинде өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге келгенде, экинчи кабаттагы класстан узундугу болжол менен 2,4 метр болгон питонду табышкан.
Куткаруучулардын версиясы боюнча, жылан короосунан чыгып, жылуулук берүүчү лампаны кулатып, өрттүн чыгышына себеп болгон. Өрттүн кесепетинен бир нече класска зыян келтирилип, мектептеги таш бака да өлгөн.
Бирок жыландын ээси, биология мугалими Бриттани Жейкобс бул версияга каршы чыкты. Анын айтымында, лампалар бекем орнотулган жана видеокөзөмөлдө өрт жылан короосунан чыкканга чейин эле башталганы көрүнгөн. Мугалим питон өрттөн качып чыгып кеткен деп эсептейт.
Учурда өрттүн чыгышына питон себеп болгону тууралуу расмий версия талаш жаратып, окуя иликтенүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















