Украинанын мурдагы коргоо министри президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды
Украинанын мурдагы коргоо министри Михаил Федоров өлкөдө президенттик шайлоону өткөрүү зарылдыгын билдирди.
Чет элдик басылмалар билдиришкендей, ал согуш дагы бир нече жылга созулса, Украина демократияны согуштун курмандыгы кылбашы керектигин айтып, согуш шартында да шайлоо өткөрүүгө мүмкүндүк берген мыйзамдуу жана коопсуз механизмди иштеп чыгууга чакырды.
Федоровдун айтымында, өлкөдө мамлекеттик башкаруу кризиси жаралып, бийликти жаңылоо зарыл.
Эскерте кетсек, Украинада президенттик шайлоо акыркы жолу 2019-жылы өткөн. 2024-жылы өтүшү керек болгон шайлоо өлкөдө аскердик абал киргизилгендиктен өткөрүлгөн эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:43
2026-08-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















