Сирияда Башар Асаддын аталаш тууганы өлүм жазасына тартылары айтылууда
Дамаск шаарынын соту Сириянын мурдагы президенти Башар Асаддын аталаш тууганы Васим Асадга өлүм жазасына өкүм кылды.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, ал жарандарды өлтүрүүгө жана кыйноого катышкан деп айыпталууда. Сот бул кылмыштар Сириядагы 2011-жылы башталган жарандык согуш учурунда жасалганын белгиледи.
Мындан тышкары, Васим Асадга ден соолукка атайылап оор залал келтирүү жана алдамчылык боюнча дагы үч жылдан эркинен ажыратуу жазасы берилди. Анын мүлкү камакка алынды.
Ал эми контрабанда жана баңгизат соодасына байланыштуу айыптар далилдер жетишсиз болгондуктан алынып салынды.
Васим Асад 2025-жылдын июнь айында Ливандан кайтып келгенден кийин кармалган. Ал мурдагы президенттин үй-бүлөсүнөн өлүм жазасына өкүм кылынган биринчи адам болуп калды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















