Аскат Жетиген абактан кандай жол менен чыкты?
Бүгүн, 19-августта үч жылдык жазасын өтөп бүткөн акын Аскат Жетиген абактан чыкты. Аны жакындары менен бирге журналисттер тосуп алышты.
Алгач акынды тосуп алуу үчүн №27 түзөтүү мекемесине барганыбызда, ал жакта жок экени белгилүү болду. Аскат Жетигенди абактын башчысы унаа менен алып чыгып кеткени айтылды. Кийинчерээк акын Чоң Чүй каналанын аймагында экени такталды.
Аскат Жетигендин эркиндикке чыккандан кийинки алгачкы сөздөрү тууралуу материалды Super.kg порталынан көрө аласыздар.
Эске салсак, Аскат Жетиген 2024-жылдын 20-мартында кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Ал “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталган.
Ошол жылдын 1-июлунда Свердлов райондук соту аны “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркиндигинен ажыраткан. Ал эми “Массалык баш аламандыктарга чакыруу” беренеси боюнча сот аны актаган.
Ал апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган болчу. Ал эми Бишкек шаардык соту апелляциялык арызды карап, Свердлов райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Жогорку сот да биринчи жана экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.
Аскат Жетиген
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















