Баланын оюну 450 тонна саманды өрттөдү (видео)
15-августта Беларустун Сморгон районунда Шеметово айылынын жанындагы талаада ири өрт чыкты. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары кабарлады.
Маалыматтарга караганда, 8 жаштагы бала сейилдеп жүрүп бир куту ширеңке таап алган. Андан соң кызыгып саман үймөгүн өрттөп көргөн. Өрт тез жайылып, болжол менен 450 тонна рулон түрүндөгү саман толугу менен күйүп кеткен.
Келтирилген материалдык чыгым 12 миңден ашуун беларус рублине бааланууда. Окуядан эч ким жабыркаган эмес.
Бала кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган куракка жете элек болгондуктан, келтирилген чыгым анын ата-энесине жүктөлдү.
Баланын оюну 450 тонна саманды өрттөдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:43
2026-08-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















