Ысык-Көлдө “Тескей” геопаркын түзүү иштери талкууланды
Ысык-Көл облусунда “Тескей” геопаркын түзүү боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул багытта Кыргызстандын тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелованын төрагалыгы алдында бүгүн, 19-августта жыйын өттү. Ага Балыкчы шаарынын мэри, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун жетекчилери, демилгелүү топтун, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында Кыргызстанда геопарктарды түзүүгө байланыштуу жакында кабыл алынган мыйзам жана анын тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүдөгү мааниси талкууланды.
Ошондой эле «Тескей» геопаркын түзүү демилгесин ишке ашыруунун кийинки кадамдары, практикалык маселелер жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү коомчулуктардын кызматташуусу каралды.
Иш-чара 2023–2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Беш жылдык аракеттердин Жол картасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















