Аналитиктер Ормуз кысыгынан улам авиакаттамдардын кымбатташын күтүшүүдө
Эгер Жакынкы Чыгыштагы жаңжал аяктабаса, 2027-жылы эл аралык авиакаттамдардын баасы дагы 10 пайызга чейин өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу Tourism Economics компаниясынын аналитикалык баяндамасында айтылат.
Аналитиктердин маалыматына караганда, айрым авиакомпаниялар кырдаал турукташып, чыгымдар азаят деген күтүм менен жайкы мезгилге билеттердин баасын төмөндөтүшкөн. Бирок жалпы эсепте авиабилеттердин кымбатташы 2026-жылдын аягында көбүрөөк байкалып, ал эми 2027-жылы жеткирүүдөгү үзгүлтүктөр улана берсе, баалар дагы 10 пайызга чейин жогорулашы мүмкүн.
Аналитиктер Ормуз кысыгы аркылуу энергетикалык ресурстарды экспорттоонун үзгүлтүккө учурашы мунайдын жана авиациялык күйүүчү майдын баасына олуттуу басым жасап жатканын белгилешет. Авиациялык күйүүчү майдын баасы чийки мунайга караганда кыйла тез өсүүдө. Буга мунайды кайра иштетүүдөгү рекорддук жогорку маржалар, ошондой эле күйүүчү майды сактоо жана жеткирүүнү камсыз кылуу боюнча кооптонуулар себеп болууда.
Tourism Economics компаниясынын моделине ылайык, кырдаал салыштырмалуу оң нукта өнүккөн күндө да, 2026-жылы дүйнөдөгү авиабилеттердин орточо баасы жаңжал башталганга чейинки күтүлгөн деңгээлден 5–10 пайыз жогору болушу мүмкүн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















