Рахат Жунушбаева кыргыз-корей маданий кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган меморандумга кол коюу аземине катышты
Бүгүн, 19-августта Жогорку Кеңештин депутаты Рахат Жунушбаева Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы менен Сеул искусство жана маданият фондунун (SFAC) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземине катышты.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө депутат бул документ кыргыз-корей маданий диалогун өнүктүрүүгө, ошондой эле искусство жаатындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.
“Маданий дипломатия – бул котормону талап кылбаган тил. Ал элдердин бири-бирин жакшыраак түшүнүүсүнө, орток баалуулуктарды табуусуна жана бир жолку иш-чара менен чектелбеген өнөктөштүктү түзүүгө мүмкүнчүлүк берет”, – деди Рахат Жунушбаева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2026-08-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















