Ошто мектеп жамааттары менен ачык диалог өткөрүлдү
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев №3 М.В. Ломоносов атындагы жана №69 «Олимп» мектептеринин педагогикалык жамааттары менен жолугушту.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, жолугушууда мектептердеги учурдагы абал, мугалимдердин сунуш-пикирлери жана билим берүү процессине байланышкан маселелер талкууланды.
Министр бардык чечимдер мыйзам талаптарына жана мамлекеттик билим берүү саясатына ылайык кабыл алынышы керектигин белгилеп, көйгөйлөрдү өз ара сый-урмат жана конструктивдүү диалог аркылуу чечүүгө чакырды.
Өз кезегинде Ош шаарынын мэри билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтып, мугалимдер жана мектеп жетекчилери менен ачык диалогду улантууга даяр экенин билдирди. Ал балдардын сапаттуу билим алуусу бардык маселелерден жогору турарын белгиледи.
Ошондой эле №69 «Олимп» мектебинин имаратын социалдык багытта пайдалануу, анын базасында 500 орундуу бала бакча куруу жана профилдик билим берүүнү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















