Чүйдө электросамокат, скутер жана моторолер айдагандарга рейд күчөтүлдү
Чүй облусунун аймагында электросамокат, скутер жана моторолерлердин катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында рейддик иш-чаралар уланууда.
Чүй облусунун ИИББ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери аталган транспорт каражаттарын айдаган жарандарга жол кыймылынын эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, атайын китепчелерди таратышууда.
Ошондой эле жол эрежесин бузган жарандарга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык айып пулдар салынып жатат. Ал эми тиешелүү документтери жок моторолерлер айып короого киргизилүүдө.
Рейддин жүрүшүндө жол эрежесин сактоо боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүп, мыйзам талаптарын бузган жарандарга жоопкерчилик тууралуу түшүндүрүү берилүүдө.
Иш-чара Чүй облусунун аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында улантылат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















