Ирандын мунай экспорту дээрлик токтоп калганы айтылды
Ирандын Борбордук банкынын төрагасы Абдольнасер Хеммати Ирандын мунай экспорту дээрлик токтоп калганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Мен Жогорку лидерге (Моджтаба Хосейни Хаменеи) кат жазып, биринчи кезектеги керектелүүчү товарлар жана дары-дармектер менен камсыздоо боюнча тынчсызданууга негиз жок экенин билдирдим. Борбордук банк жана өкмөт аларды камсыздап жатат", — деп билдирген ал Mehr агенттигине.
Ал учурда Иран рыногунда тартыштык жок экенин белгилеп, "Бул биздин пландоонун жыйынтыгы, бирок санкциялар менен чектөөлөрдүн таасирин моюнга алабыз", - деп кошумчалаган.
Бүгүн АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын келишим түзүүдөн баш тартканына жооп катары ага каршы «экономикалык операция» башталганын жарыялаган.
"Иранга келишим түзүү үчүн мен сунуштагандан да пайдалуу мүмкүнчүлүктү эч ким берген эмес. Тилекке каршы, алар бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланышкан жок. Ошондуктан бүгүн мен эң катуу "экономикалык операция" башталганын жарыялайм", — деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагына.

0

Супер-Инфо
super.kg видео
















