Кадамжайда 7 үйгө уурулукка кирген адам кармалды
Кадамжай районунда акча жана зергер буюмдарды уурдоого шектелип 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.Маалыматка ылайык, шектүү июнь айынын аягынан июлдун ортосуна чейинки аралыкта Үч-Коргон айыл аймагындагы 7 үйгө уурулукка кирген. Анын кесепетинен жабырлануучулар жалпысынан 700 миң сомдон ашуун чыгым тартышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө жабырлануучуларга зер буюмдары кайтарылып берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















