Ноокатта адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды
Ош облусунун Ноокат районунун Кайрагач айылында жол кырсыгы катталып, 22 жаштагы жигит каза болду.
Облустук милициядан билдиргендей, окуя кечээ, 20-августта саат 23:30 чамасында орун алды. Анда 1998-жылы туулган жаран айдап бара жаткан ВАЗ-2106 унаасы артка бурулуп жатканда, 2010-жылы туулган өспүрүм башкарып бара жаткан Lexus 300 үлгүсүндөгү унаа менен сүзүштү. Жол кырсыгынын кесепетинен бир адам каза болуп, дагы үч адам ар кандай жаракаттарды алды. Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлдү.
Окуя боюнча тиешелүү органдар териштирүү жүргүзүп, кырсыктын бардык жагдайларын аныктап жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















