super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Токаевди Курултай депутаттарын шайлоонун өтүшү менен куттуктады

 

Кечээ, 23-августта президент Садыр Жапаров Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевди жана боордош казак элин Курултай депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жапаров жаңы түзүлгөн Курултай Казакстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, укуктук жана коомдук-саясий институттарды өнүктүрүүгө салым кошоруна ишеним билдирди.

“Кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери мындан ары да ырааттуу бекемделип, эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгы, ошондой эле бүткүл Борбордук Азиядагы тынчтыкты, туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн жаңы мазмун менен толуктала берет деп ишеним артам. Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана өнүгүү каалайм”,- деп айтылат президент Садыр Жапаровдун куттуктоо телеграммасында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: