super.kg logo
  Саясат  

Орунбеков 5,5 жылда чогулган бажы төлөмдөрү 30 жылдын көрсөткүчүнөн ашканын билдирди

 

Кыргызстандын бюджетине 2021-жылдан 2026-жылдын жети айына чейин 619,1 миллиард сом бажы төлөмү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта президенттин администрациясынын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Ал белгилегендей, 1991–2020-жылдар аралыгында 30 жыл ичинде бажы төлөмдөрүнөн бюджетке 452,7 миллиард сом түшкөн. Башкача айтканда, акыркы 5,5 жылдагы бажы төлөмдөрү мурдагы 30 жылдагы көрсөткүчтөн 166,4 миллиард сомго көп болду.

"Кыргыз Республикасы 2015-жылы ЕАЭБге киргенден кийин Бажы кызматы 18 млрд сом өлчөмүндөгү бажы төлөмдөрүн администрациялоону токтоткон. Анткени Россия, Казакстан, Армения жана Беларусиядан импорттолгон товарларды көзөмөлдөө жана тиешелүү төлөмдөрдү администрациялоо функциясы Салык кызматына өткөн", - деп кошумчалады билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: